• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токмок шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Токмок шаарында алдамчылыкка шектүү кармалды, - деп билдирет Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, милицияга А.Ф., аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда 2021-жылдын октябрында “А” аттуу жаран анын ишенимине кирип, бир кап цементти 318 сомдон алып берүүнү убада кылып, 340 кап цемент алып берүү үчүн арыздануучудан 75 миң сомун алып, из жашырып кеткен.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаарынын ИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 1986-жылы туулган Н.А., аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Териштирүү учурунда шектүү Н.А.нын үстүнүн Токмок ШИИБүнө бир нече жаран арыз менен кайрылган. Алар боюнча териштирүү иштери улантылууда.

"Эгерде кимде-ким жогорудагы жарандын аракетинен жабыркагандар болсо төмөндөгү телефон номерлерине кайрылсаңыздар болот: 0(704)10 20 62, 0(701) 15 53 37", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий