• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токмок шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Токмок шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин Токмок шаарынын ИИБине алдамчылык фактысы боюнча эки жарандын арызы катталган. Анда Ж.М. аттуу жаран Токмок шаарындагы кичирайондордун биринде жайгашкан башка бирөөнүн батирин сатуу үчүн арыздануучулардын ишенимине кирип алар менен келип, акчаларынын бир бөлүгүн алып алганын билдиришкен.

Бул факты Токмок ШИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИББнын жана Токмок ШИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы алдамчылыкка шектелип 44 жаштагы Чүй облусунун жашоочусу Ж.М. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий