• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токмок шаарында балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн социалдык борбор ачылды

Коом 0

Бишкек. 06.05.19 /Кабар/. Токмок шаарында балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн социалдык борбор ачылды. Жаңы борбордун ачылышына Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, шаардын вице-мэри Сергей Ступников жана Кыргызстан Кызыл жарым ай коомунун өкүлдөрү катышты.

Кыргызстанда жыл сайын 15-17 жаштагы 400-500 балдар-кыздар балдар үйүнөн тарбияланып чыгат. Алар жашай турган үйү жана жумушу жок болгондуктан, өз алдынча жашоодо аркандай кыйынчылыктар менен күрөшүп келет.

Жаңы борбор 15 адамга ылайыкталган. Бул жерде уктоочу бөлмө, ашкана, жуунчу жай бар. Ошондой эле социалдык кызматкерлер жана психологдор жардам көрсөтүшөт.

Социалдык борбордо убактылуу баш калкалоодон тышкары балдарга жаңы кесипти өздөштүрүүгө шарттар түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий