• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Токмок шаарында үч кишини өлтүрүүгө шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Токмок шаарында үч кишини өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 9-январь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринин ээсин бирөөлөр сабап салгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде жогорудагы дарекке дароо ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерден үч эркек киши ар түрдүү дене жаркаттары менен табылып, тез жардам кызматы чакырылган. Бирок, жаракат алгандардын бири ооруканага жетпей каза болгон, ал эми эки эркек ооруканын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, ал жерден арактын бөтөлкөсүнүн сыныктары жана башка далил буюмдар табылган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү учурунда каза болгон жарандардын экөөсүнүн өздүгү такталып, алардын бири үй ээси 39 жаштагы Э.Т., ал эми экинчиси болсо 32 жаштагы Д.А. аттуу жаран болгон. Үчүнчү жарандын өздүгүн тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаарынын ИИБинин Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, изи сууй электе 36 жаштагы К.Т. жана 31 жаштагы С.М. аттуу жарандар Кемин районунун аймагынан кармалышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүүлөр жана каза болгон жарандар бирге ичимдик ичишип, ортодогу чыккан пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Жыйынтыгында үч жарандын денесине оор жаракат келтиришип, окуя болгон жерден экөөсү из жашырып кетишкен.

Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий