• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмок шаарында эки унаа кагылышып, бир адам жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Чүй облусунун Токмок шаарында эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 18-ноябрда болжол менен саат 14:03төр чамасында Совет менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде “Мерседес-Бенц-124” жана “Мерседес-Бенц Е220” унааларынын катышуусунда болгон.

Жол кырсыгынын кесепетинен 1962-жылкы Н.Б. аттуу эркек адам жаракат алган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, жабыркаган адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий