• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токмок шаарында каракчылыкка шектелген эки адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Токмок шаарында каракчылыкка шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын ИИБине 37 жаштагы С.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган, ал арызында ушул эле жылдын 13-февралында саат 21:00 чамасында үйгө кирген белгисиз эки адамга чара көрүүнү суранган, анда кылмышкерлер ага денеге залал келтирип, бычак колдонуп коркутуп уюлдук телефонун алып, окуя болгон жерден качып кетишкен.

Аталган факт Токмок ШИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (каракчылык) беренеси боюнча, сотко чейинки тергөө иши баштаган.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, жогорудагы кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан, экөөнүн өздүгүн аныкташып, кармашкан. Алар 33 жаштагы М.М. жана 43 жаштагы Т.Б., экөө тең Чүй облусунун тургундары болуп чыкты.

Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий