• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Токмок шаарында унаа уурдоого шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.02.18 /Кабар/. 2017-жылдын 24-ноябрь күнү Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 34 жаштагы К.Т. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 23-ноябрда түнкүсүн болжол менен саат 23:30 чамасында Токмок шаарындагы кичи райондордун бирине токтоп турган “Фольксваген-Жетта” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жарандар айдап качып кеткенин билдирген. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдардын негизинде Токмок шаардык ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Автоунаа каражаттарын укукка жат түрдө ээлеп алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Токмок шаардык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жогорудагы кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын 17 жаштагы Б.С. аттуу жашоочусу кармалып, жоголгон автоунаа шаардын четинен табылып, ээсине кайтарылып берилген.

Кармалган жаранга Токмок шаардык сотунун чечими менен эч жакка кетпөө чарасы тандалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий