• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токмокто уурулукка шектелип үч жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Токмок шаарында унаа уурдоого шектүү 3 адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын ИИБнө жергиликтүү 26 жаштагы Л.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 21-октябрдан 22-октябрга караган түнү Токмок шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги үйүнүн алдында токтоп турган «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр айдап качып кетишкенин билдирген.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 206-беренеси ("Автотранспорт каражаттарын айдай качуу") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Мындан тышкары, Токмок шаарынын ИИБнө бир нече жергиликтүү жашоочулар арыз менен кайрылып, түнкүсүн автоунааларынын аккумуляторлорун белгисиз бирөөлөр уурдап кетип жатканын билдирген. Бул арыздар КР Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 90-беренеси ("Оорчундуу эмес өлчөмдө уурдоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаарынын ИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 32 жаштагы И.А., 29 жаштагы Т.А. жана 19 жаштагы С.М. аттуулар кармалышкан.

Териштирүү учурунда шектүү жарандардын 6 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги такталган. Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий