• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токмок шаарында уурулукка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Токмок шаарында уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын декабрь айында Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 1961-жылы туулган К.Л. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 14-декабрында эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 18:00гө чейинки убакыт аралыгында белгисиз адам анын үйүнүн терезесин сындырып кирип, 350 миң сом акчасын жана 15 миң сомдук алтын буюмдарын уурдап, белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаардык ИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1991-жылы туулган А.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий