• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмок шаарында уурулукка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Токмок шаарында уурулука шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 4-январь күнү Токмок ШИИБине 1971-жылы туулган Д.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 4-январь күнү белгисиз адамдар анын контейнеринин эшигин талкалап, ичинен уюлдук телефон, планшет, алтын буюмдарын жана 50 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок ШИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 2000-жылы туулган С.В. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда кармалган жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий