• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмок шаарында уурулукка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Токмок шаарында уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 28-март күнү Токмок ШИИБине арыз менен 1985-жылы туулган К.С. аттуу жаран кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү белгисиз адам анын автоунаасынан уюлдук телефонун жана акча каражатын уурдап кеткендигин билдирген.

Жогорудагы факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 2002-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, шектүү Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын дагы бир нече уурулукка тиешеси бар экендиги аныкталган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий