• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токмок шаарында уурулукка шектүү жаран кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Токмок шаарынын аймагында өткөрүлгөн алдын алуу иш-чаралары учурунда милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан 1984-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран уурулукка шектелип кармалган.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, шектүү тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул факты боюнча үстүбүздөгү жылдын 5-декабрында Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, анын үйүнө белгисиз бирөө кирип, автоунаасынын дөңгөлөгүн жана азык-түлүгүн уурдап кеткенин билдирген. Арыз кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") боюнча катталып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий