• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токмок шаарында уурулукка шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Токмок шаарында уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын март айынын аягында Токмок шаарынын ички иштер органдарына 51 жаштагы Т.В. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 29-мартына караган түнү Токмок шаарындагы билим берүү мекемелердин биринин терезесин белгисиз адамдар сындырып кирип ал жактан арыз ээсинин уюлдук телефонун, ноутбугун жана акча каражаттарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 55 миң сомду түзгөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнин жана Токмок шаарынын ИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 22 жашагы И.Р. жана 39 жаштагы Ч.Э. аттуу жарандар кармалган.

Шектүү жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий