• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токмок шаарындагы оорукананын оңдоо иштери бүтүп, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Чүй облусунун Токмок шаарындагы оорукананын оңдоо иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин капиталдык оңдоп-түзөөсү 2020-жылдын 28-июлунда башталган, долбоордук кубаттуулугу 216 орунга эсептелген. Объектиге жалпысынан 45 млн 700 миң сом каржыланды.

Подряддык уюм тарабынан имараттын жана откананын эски чатыры менен электр тутумдары алмаштырылып, ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүргүзүлдү. Жаңы эшик, терезелер менен ички тосмолор орнотулуп, желдетүү жана жылытуу системалары, өрт өчүрүүчү сигнализациясы калыбына келтирилди.

Андан сырткары, ички жана сырткы суу түтүктөрү менен канализациясы кайрадан жасалып, саркынды сууларды чогултуучу жай орнотулган. Имараттын кире бериш жагы толугу менен бүткөрүлдү.

Ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен ооруканага керектелүүчү эмеректер алынып келинди.

Пикир

Оставить комментарий