• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Токмок шаарынын аймагында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу иш-аракеттери уланып жатат

Аймак 0

Бишкек, 06.01.18 /Кабар/. Чүй облусунун Чүй районунун Токмок шаарынын аймагында жерден чыккан суулардын деңгээлин көтөрүлүшүнө байланыштуу түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу иш-аракеттери уланып жатат.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 5-январь күнү Токмок шарында КР ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын, Токмок шаардык жана Чүй районунун жергиликтүү бийлик органдарынын, Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кезектеги жыйналышы болду.

Жыйналыштын жүрүшүндө Токмок шаарындагы жана Чүй районундагы кырдаалды жөнгө салуу иш-аракеттери, келип чыккан маселелер жана аларды чечүү жолдору, чукул кырдаалдын кесепетин жоюу кошумча тапшырмалары берилди. Жыйындан соң тиешелүү кызматтар жеринде аткарылып жаткан участокторго барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Жалпысынан, бүгүнкү күнгө чейин ӨКМдин күч-каражаттары менен 2 чакырым, ал эми Токмок мэриясы тарабынан 2 чакырымга жакын ачык коллектордук – кургатуу тутумун тазалоо жана тереңдетүү иш-чаралары аткарылды, жалпы 4 чакырым, жумуштар уланууда. Мындан тышкары, 29 көпүрө жана лотоктор демонтаждалды.

Ошондой эле ачык коллектордук – кургатуу тутумун тазалоо жана тереңдетүүгө тоскоолсуз жумуш аткаруу максатында Чүй-Токмок токой чарбачылыгынын жана ӨКМдин куткаруучулары тарабынан 2 чакырым дарак-бадал өсүмдүктөрүн санитардык кыюу иш-аракеттери аткарылды, иш уланууда.

Бүгүнкү күндө Токмок шаарынын аймагында жерден чыккан суулардын деңгээли 13-55 см төмөндөдү.

Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында жалпы Токмок шаарынын Жарандык коргонуунун күч-каражаттары тартылган, КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча Башкармалыгы, Панфилов, Жайыл, Сокулук, Москва, Кемин райондорунун ЖКнун түзүмдөрү тарабынан инженердик техника жана күйүчү май менен Токмок шаарына көмөк көрсөтүүдө. Жалпысынан 11 инженердик техника, ӨКМден 20 куткаруучу, Токмок ш. Комуналдык ишканалар комбинатынан 12 киши, токой чарбачылыгынын 8 киши тартылган.

Пикир

Оставить комментарий