• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмок шаарынын ИИБ кызматкерлерине майрам алдында нускама өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Токмок шаарынын ички иштер бөлүм кызматкерлерине майрам алдында нускама өткөрүлдү, - деп билдирет Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарада Токмок ШИИБдүн башчысы Алмазбек Айбашев өздүк курамдын кызмат өтөо боюнча даярдыгын текшерип, андан сырткары, жаңы жылдык майрам тосуу учурунда коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча жогорку деңгээлде жумуш алып баруу тууралуу талаптарды коюп, жарандардан түшкөн кайрылууларга өз учурунда чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

Жаңы жылдык майрамдарды белгилөө учурунда Токмок шаарынын өздүк курамы жана 20дан ашуун элдик кошуундун өкүлдөрү күчөтүлгөн тартипте жумуш алып бара тургандыгы белгиленди.

Ушундай эле иш-чара Кемин районунда өткөрүлүп, анда Кемин РИИБдүн жетекчилиги тарабынан жаңы жылдык майрамдарды өткөрүү учурунда коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча милиция кызматкерлерине талаптар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий