• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Токмокто 1 адам курулушу бүтө элек үйдүн 5-кабатынан секирүүгө аракет кылган

Аймак 0

Бишкек,11.12.17. /Кабар/. Токмок шаарындагы Шамшы-Жантаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулушу бүтө элек үйдүн 5-кабатынан бир адам секирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 10-декабрда болжол менен саат 12:02 болгон.

“5-кабаттан 40-45 жаштагы азият улутундагы эркек адам секирүүгө аракет кылган. Ага куткаруучулар жетип баргыча өз алдынча түшүп, качып кеткен”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий