• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмокто 19 жаштагы кызды ала качууга аракет кылгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 19 жаштагы кызды ала качкан деген шек менен эки адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 11-январь күнү Жети-Өгүз районунун милиция бөлүмүнө Токмок шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал кызын ала качып кеткен эки жаранга карата чара көрүүнү суранган.

Арыз ээси (кыздын атасы) кызын Жети-Өгүз районундагы айылдардын биринен тапкандыгын айткан.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, баардык материалдар Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө берилген.

"Аталган кылмышка шектүү делген 27 жана 20 жаштагы Т.М., жана Д.И., аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кийин сот аларды үй камагына алып, сотко чейин өндүрүш уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий