• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Токмокто 61 жаштагы кишинин өлүмүнө шектелип эки жаш жигит кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Токмокто 61 жаштагы кишинин өлүмүнө шектелип эки жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 29-апрель күнү саат 07:00дөр чамасында Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө күч колдонуп өлтүрүлгөн болжол менен 40-45 жаштагы эркек киши аймактык ооруканага келип түшкөндүгү тууралуу кабар айтылган.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш башталган.

Маркумдун өздүгү такталып, ал 61 жаштагы Г.Ф., аттуу жаран болуп чыккан.

Ал эми кылмышка шектүү катары 28 жаштагы С.Ф., жана 26 жаштагы З.У., аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум менен шектүүлөр мас болуп, натыйжада өз ара пикир келишпестик пайда болгон.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий