• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токмокто аял кишини карактоого шектүү УКТ мүчөсү кармалып, камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Токмокто аял кишини карактоого шектүү жаран кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы июнь айынын аягында Токмок шаардык милициясына 35 жаштагы аял кишиге карата укукка каршы аракеттер жасалгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

"Түнкү саат 02:30 чамасында Токмок шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен белгисиз адам эшиктин алдындагы желим килемди өрттөп жиберген. Түтүндүн жытынын айынан батирдин кожейкеси эшигин ачып, сыртка чыкканда кылмышкер аялдын кекиртегине бычак такап, үйгө киргизип кеткен. Үйгө киргенден кийин акча каражаттарын жана баалуу буюмдарын издеп баштаган. Үйүндө болгон бардык акча каражатын ээлеп алган соң, ал изин жашырып качып кеткен",-деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы факты боюнча Токмок ШИИБдин Тергөө кызматы КР Жазык кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзө баштаган.

Шектүүнү ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Чүй облусунун аймагынан кармашкан.

Кармалган жаранды тергөө органына жеткиришип, андан соң ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кармалган жаран оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн соттолгон. Ал Нарын облусунун 1991-жылы туулган И.Б. аттуу тургуну болот. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жаран И.Б. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Иликтөө уланууда. Соттун чечими менен кармалган жаранга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Пикир

Оставить комментарий