• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Токмокто алдамчылыкка шектүү адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Токмок шаарында алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-сентябрда Токмок ШИИБне арыз менен А.А. аттуу жаран кайрылып, ал июлдун аягында М.Л. аттуу жаран алдамчылык жол менен ишеничке кирип, баасы бир млн сомдон ашкан сатылуучу буюмдарын сактап берем деп, бирөк өзүнө алып койгонун билдирип, чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция тарабынан кылмышка шектелип М.Л. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий