• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токмокто батирден аял кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Токмокто батирден аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Токмок шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан №29 үйдүн 34-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1961-жылы туулган аял кишинин сөөгү табылган. Аялдын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий