• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токмокто базардан ар түрдүү буюмдарды уурдады делген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Токмок шаарындагы базарлардын биринен ар түрдүү буюмдарды уурдады делген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

2021-жылдын октябрь айынан тарта Томкок шаардык милициясына жергиликтүү жашоочулардан бир нече арыздар келип түшкөн. Арызда телефон, акча, зер буюмдар, ошондой эле азык-түлүк жана темир түтүктөр уурдалганы жазылган.

Аталган фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) боюнча катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип Т.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында шектүү жаран күндүз шаардагы базардан ар түрдүү боюмдарды уурдап жүргөнү аныкталган. Шектүү жарандын Токмок шаары боюнча үч кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги такталган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий