• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Токмокто бир адам түтүнгө ууланып каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Токмок шаарындагы Трясинин көчөсүндөгү эки кабаттуу турак үйдүн жана бастырманын жыгач устундуу шифер жабылган 400 чарчы метр чатыры күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрттүн кесепетинен 1945-жылы туулган М.Р., атуу аял киши түтүнгө ууланып каза болгон.

Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий