• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токмокто дарыкана тонолуп, ага шектүү катары мурда соттолгон жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. Токмок шаарындагы дарыкананын тонолушуна шектелип мурда соттолгон 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматына тоноо фактысы боюнча маалымат келип түшүп, окуя жерине милиция кызматкерлери барган.

Белгилүү болгондой, 12-март күнү болжол менен саат 21:30да Токмок шаарындагы дарыканалардын бирине белгисиз жаран келип, 50 жаштагы Н.Б. аттуу жаранга күч колдонуп, кассадан 25 миң сом акчаны алып кеткен.

26-март күнү милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 33 жаштагы К.З. аттуу жаранды кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки иштер жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий