• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмокто үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда үч киши бычактан жаракат алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Токмок шаарында үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда үч киши бычактан жаракат алган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

12-октябрь күнү болжол менен саат 00:36да Токмок шаардык милициясына Токмок шаарынын аймактык ооруканасына бычактан жаракат алган үч жаран түшкөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факт Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда 46-жаштагы И.М. аттуу аял, анын 36-жаштагы Н.А. аттуу күйөө баласы жана 27 жаштагы К.М. аттуу аял киши жаракат алган.

Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. Чыр-чатакка катышкан үч жаран ооруканада милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда жатат. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий