• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Токмокто ички иштер органдары жана бийлик өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Кечээ, 8-декабрда Токмок шаарынын №9 орто мектебинде шаардын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги, ошондой эле шаар тургундарынын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Токмок ШИИБнин жетекчилиги милиция кызматкерлеринин аткарган жумуштары боюнча маалымат берип, көпчүлүк жумуштар кылмыштуулукту жана тартип бузууларды алдын алуу үчүн байма-бай рейд иш-чаралары жургүзүлгөнүн, анын ичинде милиция кызматкерлери тарабынан кабыл алынган чечимдер тууралуу тургундарга жеткирилди.

Жолугушуунын катышуучулары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен ИИОнун жетекчилерине суроолорун узатыштып, жоопторду алышты.

Иш-чарада өспүрүмдөргө көзөмөл кылуу, кылмыштуулукту алдын алуу жана жол транспорт кырсыктарын болтурбоо боюнча чараларды көрүү боюнча талкуу жүргүзүлдү.

Мындан ары да Токмок шаары боюнча жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды байма-бай уюштуруп, жаралган маселерди жеринде чечүү боюнча биргеликте иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий