• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмокто үйлөнүү тойдон кийин массалык уулануу болду

Кырсык 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Токмок шаарында 29-июнь күнү үйлөнүү тойдон кийин массалык уулануу болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, ооруканаларга жалпы 87 киши кайрылып, анын ичинен 33 киши ооруканага жаткырылган.

"Токмоктун ооруканасына 38 киши кайрылып, алтоо жаткырылган. Кочкор бейтапканасына 16 киши, Бишкектин жугуштуу оорулар бейтапканасына 31 киши кайрылып, тогуз адам ооруканага жаткырылган. Алардын бирөө кичинекей бала. Андан тышкары, Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына бир ата баласы менен кайрылган", - деп билдиришти министрликтен.

Алардын абалы орточо оор деп бааланып, алар дарыланып жатышат. Жандандыруу бөлүмүнө эч ким жаткырылган эмес.

Учурда эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүүдө. Адистер уулануунун себебин такташууда.

Пикир

Оставить комментарий