• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токмокто ири партиядагы мыйзамсыз алкоголь жана тамеки тартып алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Токмок шаарындагы борбордук базарда өткөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө тамеки жана алкоголь продукцияларын мыйзамсыз сатуу фактыларын аныкташты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынтыгында күмөндүү акциздик марка менен жана коштомо документтерсиз 6 миңден ашык бөтөлкө алкоголь, акциздик маркасы жок 1 миң 560 таңгак тамеки тартып алынды.

Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий