• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токмоктогу жер астынан чыккан суулардын көлөмү азайды

Аймак 0


Бишкек, 27.04.18 /Кабар/. Бүгүнкү күндө Токмок шаарындагы жер астынан чыккан суулар бир нукка салынып,көлөмү азайды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 2017-жылдын күз айларында Токмок шаарынын жер астындагы суулары көтөрүлүп, көп кабаттуу жана жеке үйлөрдүн жер төлөөлөрүн суу каптап коркунучтуу абал түзүлгөн. Суу каптаган аймактарда Мамэкотехинспекциянын адистери, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү биргеликте суунун денгээлин түшүрүү боюнча иштерди жүргүзүшкөн.

“Инспекциянын адистеринин текшерүүсүндө айрым жарандардын Токмок шаарынын суу курулмаларынын тосуп алып, балык өстүрүү жайларын, гараж, унаа оңдоочу жайларды куруп алгандыгы аныкталган. Инспекторлордун түшүндүрүү, эскертүү берүү жана административдик чараларды колдонуусунун негизинде аталган курулуштар толугу менен буздурулуп, суунун агымы бир жерде топтолбой, суу курулмалары аркылуу тоскоолдуксуз агууда. Бүгүнкү күндө Токмок шаарындагы жер астынан чыккан суулар бир нукка салынып,көлөмү азайды. Азыркы учурда Мамэкотехинспекция тарабынан Токмок шаарынын мэриясына жана жергиликтүү айыл өкмөттөрүнө суу курулмаларын үзгүлтүксүз тазалап, катуу көзөмөл жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий