• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токмокто каракчылыкка шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Токмок шаарында каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын бамса сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-март күнү саат 01:30 чамасында Токмок ШИИБине каракчылык фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Аталган факт Токмок шаарынын ИИБнин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келгенде, белгисиз эки адам 69 жаштагы К.В. аттуу жарандын үйүнө бычак жана балта менен кирген. Аларды үй ээси көрүп калып активдүү каршылык көрсөткөндүгү белгилүү болгон.

Тергөө-оперативдик иш-чараларды жүргүзүүдө, Чүй облустук ИИББнин жана Токмок шаардык ИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү эки адам кармалган. Алар Нарын облусунун 21 жаштагы Б.А. аттуу тургуну жана Чүй облусунун 23 жаштагы С.И. аттуу тургуну болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий