• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токмокто кондитердик цех күйдү

Кырсык 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Токмокто кондитердик цех күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Токмок шаарында ачык аянтта куураган чөп күйүп, кондитердик цехке өткөн. Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 815 чарчы метр кондитердик цех жана кампанын ичиндеги каробкалар күйгөн. Өрт саат 18:16да толугу менен өчүрүлдү.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий