• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Токмокто коомдук унаалардын техникалык абалы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 26.10.18. /Кабар/. Токмокто коомдук унаалардын техникалык абалы текшерилди. Бул тууралуу облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалытка ылайык, келе жаткан суук аба ырайынын алдын ала Токмок шаарынын жол милициясынын кызматкерлери автобекеттин аймагында коомдук унаалардын техникалык абалын текшерүү жүргүзүштү.

Аталган иш-чаранын максаты – коомдук унаалардын катышуусунда болгон жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочуларга жүргүнчү ташууда аларга жүктөлгөн жоопкерчиликти эскертүү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө өзгөчө көңүл унаалардын дөңгөлөгүнө, унаанын жүрүүсүн камсыз кылган бөлүгүнө жана отургучтардын жакшы бекитилгендигине бурулду. Кандайдыр бир бузулуу аныкталса унаа ошол замат оңдоого жөнөтүлүп жатты. Ошондой эле жол милиция кызматкерлери жол эрежелерди бузууга жол бербөө тууралуу айдоочулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий