• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Токмокто кудук казып жатып 3 адам каза болуп, экөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Чүй облусунун Токмок шаарында кудук казып жатып 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жантаев көчөсүнүндө жайгашкан курулуш материалдарын саткан короонун ичинде 5 эркек киши кудук казып жаткан.

Ошол учурда кудуктун ичинде аба жетпей 1 адам кулап калып, аны алып чыгам деп экинчиси кудукка кирип, аба жетпей ал дагы кулаган. Калгандары дагы куткарууга аракет кылып, аба жетпей калып кетишкен.

Окуя болгон жерге Токмок шаарындагы өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, ИИМ жана тез жардам кызматы чакыртылып, жабыркаган жана каза болгондорду 18 метр терең болгон кудуктан чыгарышкан.

Кырсыктын кесепетинен 1980-жылы туулган Х.Т., 1982-жылы туулган Х.М., 1987-жылкы Х.К. аттуу 3 эркек киши каза болуп, 1989-жылы туулган Х.Н., 1999-жылы туулган Х.С. аттуу 2 эркек киши жабыркаган.

Жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлери Токмок шаардык ооруканасына алып кетишкен. Ал эми каза болгон жарандардын сөөктөрү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Маалыматка ылайык, кудуктун тереңдиги 18 метр, туурасы 1 метрди түзөт. Күбөлөрдүн айтуусу боюнча, кудукту казып жаткан учурда тереңдиги 10 метрге жеткенде дизель майынын жыты пайда болгон. Себеби жанында күйүүчү майды сактоочу база жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий