• 79.87
  • 84.48
  • 1.3

Токмокто Кыргызстандын ардагерлер арасындагы оор атлетика боюнча биринчилиги өтөт

Спорт 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Токмок шаарында Кыргызстандын ардагерлер арасындагы оор атлетика боюнча биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мелдеш 13-16-июнь күндөрү болуп өтөт. Ага Кыргызстандын облустарынын курама командалары катышат.

Спортчулар 30 жана андан улуу куракта 55 кг, 61 кг, 67 кг, 73 кг, 81 кг, 89 кг, 96 кг, 102 кг, 109 кг жана 109 килограммдан жогорку салмак боюнча күч сынашат.

Жаш курак боюнча топтор:

- М-30 (30-34 жаш);
- М-35 (35-39 жаш);
- М-40 (40-44 жаш);
- М-45 (45-49 жаш);
- М-50 (50-54 жаш);
- М-55 (55-59 жаш);
- М-60 (60-69 жаш);
- М-70 (70-74 жаш).

Мелдештин ачылыш аземи 14-июнь күнү саат 15:30да болот.

Пикир

Оставить комментарий