• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токмокто кыз ала качууга аракет кылган үч жигит кармалды

Коом 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Токмок шаарында милиция кызматкерлери кыз ала качууга аракет кылды делген үч жигитти кармады. Бул тууралуу Чүй облустук милиция кабарлады.

29-мартта милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, шаардагы кафелердин биринен белгисиз адамдар 20 жаштагы кызын ала качууга аракет жасаганын билдирген.

Кылмышка шектүү катары 26 жаштагы М.Э., Т.Ы., жана 27 жаштагы К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Токмок шаардык соту аларды үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий