• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдоого шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.10.22. /Кабар/. Токмок шаарындагы мал базарда карыянын акчасын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Токмоктогу мал базарда 79 жаштагы адамдын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 120 миң сомун уурдап кетишкен. Карыя мал базарга баласынын ашын өткөрүүгө жылкы алганы келген.

Аталган факты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын алкагында кылмышка шектелип Токмок шаарынын 39 жаштагы Г.У. аттуу жараны кармалган. Шектүү уурдалган акчаны андан ары жабыркаган жаранга берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп берди.

Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин уурулук беренесинин негизинде айып тагылып, Токмок ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эскерте кетсек, ошол эле күнү Токмокто мал базардан акчасын уурдаткан карыяга жергиликтүүлөр 115 миң сом чогултуп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий