• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токмокто мас айдоочу тигүү цехин сүзгөн – видео

Кырсык 0


Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Токмок шаарынын кичирайондорунун биринде бүгүн, 24-июлда болжол менен саат 06:00дө “Фольксваген Пассат” унаасы тигүү цехин сүзгөн.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, 36 жаштагы айдоочу мас абалында болгон. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Автоунаа айып аянтчасына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий