• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмокто милиция кызматкерлери жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартип сактоо жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келишет.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын алкагында Токмок шаарындагы орто мектептердин биринде Токмок ШИИБнин кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери болуп өттү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, үй башчылары, активдүү жарандар жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Иш-чара учурунда Токмок ШИИБнин коомдук коопсуздук кызматы тарабынан аткарылып жаткан жумуштар тууралуу жергиликтүү жашоочуларга маалыматтар берилди. Жолугушууда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун түрлөрү боюнча баяндамалар жасалып, зомбулуктарга жол бербөө жана аларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анда кызматкерлер тарабынан КР президентинин жарлыктары жана башка мыйзамдар жергиликтүү жашоочуларга жеткирилди.

Жолугушуу учурунда жергиликтүү жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн маселелер тиешелүү кызматтар тарабынан көзөмөлгө алынып, айрым жарандардын кайрылууларына жеринде кеңештер берилди.

Мындай жергиликтүү жашоочулар менен болгон алдын алуу иш-чаралары Чүй облусунун бардык аймактарында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий