• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токмокто немец тасма күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 12.10.17./Кабар/. ГФРнын Бишкекте КРги немецтер кеңешинин кызматташуусу менен 12нен 13-октябрь күндөрү Токмок шаарында немец кино күндөрүн өткөрөт.

ГФРнын элчилигинен кабарлашкандай, иш-чара Токмокко шаар макамы берилгендигинин 150 жылдыгына карата уюштурулуп жатат.

Бүгүнкү күндө ал жакта немец диаспорасынын өкүлдөрү жашап келишет.

Программада төмөнкү тасмалар көрсөтүлөт:

12-октябрь 17:30да үй-бүлөлүк “Летающий класс” комедиясы, 19630 “Жизнь других” драмасы.

13-октябрда саат 17:30да үй-бүлөлүк комедия “Точечка и Антон; 19:30 “Дневник Оды” драмасы.

Тасмалар немец тилинде көрсөтүлүп, орусча субтитрлер менен коштолот.

Дареги: “Космос” кинотеатры, Ленин көчөсү 387.

Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий