• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмокто психикалык жактан ооруган аялга айдоочулук күбөлүк берилген

Коом 0

Бишкек, 18.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстанда психикалык жактан ооруган аялга айдоочулук күбөлүк берилген. Бул тууралуу КР Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

ЭКККМК маалыматы боюнча, 2015-жылдын июнунда Чүй-Токмок боюнча Транспорт каражаттарын жана айдоочулук күбөлүктү каттоо департаментинин кызмат адамдары “В” жана “С” категориясындагы айдоочулук күбөлүгүн 2004-жылдан бери Республикалык психикалык саламаттык борборунда каттоодо турган аялга берип коюшкан.

Анык болгондой ал экинчи топтогу майып (диагнозу “Инсандын органикалык бузулгандык”).

Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда ЭКККМК Кыргызстан боюнча бул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча текшерүү чаралары улантууда.

Пикир

Оставить комментарий