• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмокто сатуучуларга көмүрдүн баасын көтөрбөө эскертилди

Аймак 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Токмокто сатуучуларга көмүрдүн баасын көтөрбөө эскертилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-ноябрда Токмок шаардык ИИБнин кызматкерлери, шаардык мэриянын өкүлдөрү жана Монополияга каршы агенттигинин кызматкерлери биргеликте Токмок шаарынын аймагында көмүр сатуучу жайларды кыдырып, көмүр саткан жарандардын арасында алдын алуу иштери жүргүзүлүп, кыш мезгилине карата көмүргө болгон бааларды өз алдынча жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чара учурунда ошондой эле Токмок шаардык ИИБнин кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуулар уюштурулуп, кылмыштуулуктарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий