• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Токмокто шамал станцияларын куруу март-апрель айларында башталат — Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Токмокто шамал станцияларын куруу 2022-жылдын март-апрель айларында башталат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, күн нурунан электр энергия өндүргөн станцияларды куруу боюнча Энергетика министрлиги тиешелүү компаниялар менен акыркы сүлөшүүлөрдү жүргүздү.

“Анын жыйынтыгын мага алып келди. Токмокто кубаттуулугу 120 МВт болгон шамал станциясынын курулушу март, апрель айларында башталат. Ошондой эле Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Баткенде дагы күн нурунан электр жарыгын алган станцияларды курууну баштайлы деп жатабыз”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий