• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмокто өспүрүм кыздын уюлдук телефонун күч колдонуп тартып алган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Чүй милициясы өспүрүм кыздын уюлдук телефонун күч колдонуп тартып алган жаранды кармады.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Токмок шаардык милиициясына 33 жаштагы У.А. атту жаран арыз менен кайрылып, анда 2020-жылдын 2-декабрында саат 19:00 чамасында белгисиз адам алар жашаган батирге кирип, 2007-жылы туулган кызына күч колдонуп, уюлдук телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткенин билдирип, ага чара көрүүнү суранган.

Бул факт Токмок шаарынын ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн иш-аракеттин натыйжасында кылмышка шектүү катары 39 жаштагы И.У. аттуу жаран аныкталып, камакка алынды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий