• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токмокто темир уурдоого шектелип эркек киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Токмок шаарында темир уурдоого шектелип эркек киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айынын башында Токмок шаардык милициясына 38 жаштагы М.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 3-5-мартта үйүнүн аймагынан эки жолу көпүрөнүн темир бөлүктөрүн, ошондой эле короодогу темир буюмдар уурдалганы жазылган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) менен катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында жогоруда аталган фактыларды жасоого шектүү катары 40 жаштагы Д.Д. аттуу жаран кармалган.

Учурда милиция кызматкерлери шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун текшерүүдө.

Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий