• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токмокто уурулукка шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Токмокто уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 2-декабрында Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 41 жаштагы жергиликтүү тургун уурулук фактысы боюнча арыз менен кайрылып, 40 тонналык контейнерди (деңиз) уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Келтирилген чыгымдын суммасы 120 миң сомду түзгөн.

Аталган факты Токмок ШИИБне КР Кылмыш жазык кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Чүй облусунун ИИББнин криминалдук милиция кызматкерлери жана Токмок шаарынын ИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул фактыга шектүүлөр аныкталып, райондук бөлүмүнө жеткирилген.

Маалым болгондой, кылмышка шектүүлөр уурдалган буюмду кара металл сатып алуучу жерге сатууга жетишкен. Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдардын башка уурулук фактыларына тиесшеси бар же жогун текшерүүдө.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий