• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмокто уурулукка шектелип 2 аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Токмокто уурулукка шектелип 2 аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-декабрынан 31-декабрына чейинки убакыт аралыгында Токмок шаарынын ИИБине үч жаран арыз менен кайрылып, өздөрүн социалдык кызматкерлербиз деген бейтааныш эки аял акча каражаттарын уурдап кетишкенин билдиришкен. Алгачкы арыздануучуга 170 миң сом, кийинкиге 50 миң сом, үчүнчү жаранга 80 миң сомдук заян келтирилгени маалым болгон.

Бул фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаарынын ИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1989-жылы туулган И.К. жана 1995-жылы туулган И.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери улантылууда.

Маалымат үчүн айта кетүүчү жагдай, жогорудагы кылмышка шектүү аялдар буга чейин Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери тарабынан ушундай эле фактыларга шектелип кармалып, тиешелүү сотко чейинки өндүрүш иштери аяктаган соң 2021-жылдын август айында иш сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий