• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токмокто “Ыймандуу жана маданияттуу коом – мамлекеттин бүтүндүгү жана элдин биримдиги” аттуу форум өттү

Маданият 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. Бүгүн, 16-мартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги «2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы» - деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгын аткаруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасында элдин биримдиги жана этностор аралык мамилелерди чыӊдоо Концепциясынын алкагында Токмок шаарында «Ыймандуу жана маданияттуу коом-мамлекеттин бүтүндүгү жана элдин биримдиги» аттуу форум өткөрдү. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Форумга КР Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы А.О.Кулматов, Агенттиктин директору Ж.Эгамбердиева, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы Т.Б.Мамытов, КР Өкмөтүнүн Чүйоблусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Ж. Кудайбергенов, Токмок шаардынын мэри Ж.Шамыралиев, Чүй облусундагы Жогорку окуу жайлардын ректорлору жана студенттери катышышты.

Форумдун катышуучулары адеп, ыйман жана маданият маселеси боюнча доклад жана кайрылуулары менен чыгышты, андан тышкары, “Мен кыргыз жараны” жалпы жарандык бирдейликти калыптандыруу тууралуу өз ара ойлору менен бөлүштү.

Талкуунун жыйынтыгында элдин биримдигин, ыймандуулук идеясын жайылтууга сунуштар берилди. Ошону менен катар иш-чара Кыргызстан элинин Ассамблеясынын улуттук-маданий борборлорунун концерттик программасы менен коштолуп, ар бир этникалык топтордун улуттук каада-салты чагылдырылган инсценировка көрсөтүлдү.

Иш-чарага өзгөчө жигердүү катышкан этникалык топторго Агенттик тарабынан ыраазычылык каттары жана кызыктыруучу белектер тапшырылды. Форумдун жыйынтыгы менен катышуучулар тарабынан Чүй облусунун жана Токмок шаарынын тургундарына кайрылуу кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий