• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токмокто өз өмүрүн кыюуга аракет кылган киши куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндөгү тогуз кабаттуу үйдүн чатырынан секирүүгө аракет кылган эркек кишини куткаруучулар аман алып калышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жантаев көчөсүндө курулушу бүтө элек 9 кабаттуу үйдүн чатырынан болжол менен 45-50 жаштагы эркек киши өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Окуя болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, эркек адамды жерге аман-эсен түшүрүшкөн.

"Өз өмүрүн кыюуга аракет кылган адамды милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий