• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмокто жарылуучу затты үйүндө сактоого шектелип 37 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Чүйдүн Токмок шаарында жарылуучу затты үйүндө сактоого шектелип 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам тергөө иш амалдарынын алкагында Токмок шаарынын 37 жаштагы Ш.Д. аттуу жашоочусунун үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, оролуп бекитилген белгисиз зат табылган.

Экспертизанын жыйынтыгында алынган зат жарылуучу зат экендиги аныкталган.

Шектүү Жазык кодексинин 267-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) боюнча, сотко чейинки өнүрүш иштеринин алкагында кармалды.

Иш Жазык кодексинин 253-беренесине (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) которулуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий